ВЕДУТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕДУТ́А (итал. veduta – көрүнүш) – живопись же графикада архитектуралык пейзаждын бир түрү. Кап

Ведута. А. Каналетто. Венециядагы Риальто көпүрөсү
м-н чоӊ канал. 1730–50-ж. чен. Улуттук гал. (Рим).

риччиодон айырмаланып, Ведута шаардын так топографиялык көрүнүшү. Термин 18-кылымда Италияда пайда болгон: жергиликтүү сүрөтчүлөр саякатчыларга арнап шаар пейзаждарын жаратышкан. Ведутанын ири чеберлери Венецияда Л. Карлеварис, А. Каналетто, Б. Беллотто, М. Риччи ж. б. болгон. Ведута салттары 20-кылымдын башындагы архитектуралык пейзаж чеберлеринин чыгармачылыгында өзгөрүүгө учураган жана панораманын жана көркөм фотографиянын башаты болгон.