ВЕЗУВИАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЗУВИА́Н (Везувий жанар тоосунан табылгандыгына байланыштуу аталган), и д о к р а з – силикаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Ca10Mg2Al4 [SiO4]5[Si2O7]2(OH)4. Тет-

рагон сингониясында кристаллданат. Өӊү саргыч жашылдан чанда кочкул жашылга чейин, кара күрөӊ, кара кызгылт көк, көк, айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5. Салыштырма салмагы 3,35–3,45. Везувиан магма тоо тектери менен акиташ тегинин жана доломиттин контактасында метасоматоз процесстеринен пайда болот. Тунук Везувиан баалуу кооз таш катары пайдаланылат.