ВЕЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33) – биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки Германия Республикасынын аталышы. 1918-жылы 9-ноябрда Берлинде Фридрих Эберт жетектеген республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. Анын уюштуруу чогулушунун биринчи заседаниеси Веймар шаарында болуп өтүп, анда кабыл алынган конституциянын атынан аталган. Конституция боюнча Германия федерациялык, парламенттик демократиялык республика катары түзүлгөн. Ф. Эберт алгачкы президенти болуп шайланган (1919–25), аны Гинденбург алмаштырган (1925–34). Версаль тынчтык келишиминин (1919) оор шарттары Веймар Республикасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. 1929-жылы башталган дүйнөлүк экономикалык кризистин натыйжасында түзүлгөн экономикалык оор абалга нааразы болгон Германия улуттук партиясынын финансы жана өнөр жай топтору Гитлердин нацисттик партиясы менен биригип кеткен жана тоталитардык режимди, ал эми коммунисттер пролетариат диктатурасын орнотууну сунуш кылышкан. 1932-жылы парламенттик шайлоодо Улуттук-социалисттик партиясы 601 депутаттык орундун 230ун жеӊип алган. 1933-жылы президент Гинденбург Гитлерди канцлердик постко дайындоого мажбур болгон. 1933-жылы 28-февралда Гитлер өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизип, Гинденбург дүйнөдөн кайткан соӊ, 1934-жылы президенттик постту өзүнө ыйгарып алган жана «Үчүнчү рейхтин» түзүлгөндүгүн жарыялоо менен, Веймар Республикасында демократиялык түзүлүштү жойгон.