ВЕКУА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:12, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́КУА Илья Несторович [23.4(6. 5).1907, Грузия, Шешелеты айылы – 2.12. 1977, Тбилиси] – орус жана грузин математиги жана механиги, СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1946), академиги (1958) жана ГССР ИАнын академиги (1946), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Тбилиси университетин бүтүп (1930), Тбилиси университетинде, ГССР жана СССР ИАда иштеген. Новосибирск университетинин ректору (1959–64), Тбилиси университетинин ректору (1965–72), 1972-жылдан ГССР ИАнын президенти. Векуанын негизги эмгектери азыркы математиканын, физиканын жаӊы илимий багыттарына, айрым туундулуу дифференциал теӊдемелер боюнча эмгектери эллипс тибиндеги теӊдемелердин кеӊири классынын анализдик теориясын түзүүгө арналган. Векуа бир өлчөмдүү сингулярдык интеграл теӊдемелер теориясына ири салым киргизген, фредсольмдук эмес эллипстик чет маселелердин жаӊы түрүн ачкан жана изилдеген. СССР мамлекеттик (1950) жана Лениндик сыйлыктарынын (1963) лауреаты. Беш Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.