ВЕНА ИЙРИМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:08, 11 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НА ИЙРИМИ – 20-кылымдагы философиянын негизги агымдарынын бирин – неопозитивизмди, башкача айтканда логикалык позитивизмдин негиздерин иштеп чыккан философиялык ийрим. Вена ийрими 1922-ж. Вена университетинин алдындагы философия кафедрасында австриялык физик Мориц Шлик тарабынан уюштурулган семинардын негизинде пайда болгон. Вена ийрими «илимий философияны» өнүктүрүүнү көздөгөн бир кыйла жаш илимпоздорду бириктирген. Ийримдин ири өкүлдөрү Р. Карнап, Х. Хан, О. Нейрат, Ф. Франк жана Х. Рейхенбах баш болгон окумуштуулар «Дүйнөнү илимий түшүнүү. Вена ийрими» аттуу манифести жарыкка чыгарышкан. Борбордук идеясы – философиялык проблемалуулукту верификация принциби менен бирдикте илим тилин логикалык талдоого алып келүү. Вена ийрими түзүп чыккан окууну өз тарапкерлери унификацияланган илим деп аташкан. 30-жылдарда Австрияны фашисттик Германия басып алгандан кийин ишмердигин токтоткон.