ВЕНТИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:25, 23 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НТИЛЬ (нем. Ventil – жапкыч) – 1) өткөргүч түтүктүн бир бөлүгүн ишке киргизүчү жана ажыратуучу тыгын. Вентиль ошондой эле өткөргүч түтүк аркылуу агуучу суюктуктун, газ жана буунун агымын жөнгө салат. 2) Электр өткөрүмдүүлүгү токтун багытына көзкаранды болгон электр-техникалык түзүлүш. Вентилдин ток өткөрүмдүлүгү бир жактуу болуп, токту бир багытты карай (каршы тарапка караганда) бир нече эсе көп өткөрөт. Ошонун натыйжасында Вентиль өзгөрүлмө токту түзөткүч катары колдонулат. Вентилдин аракети ар кандай эки чөйрөнүн металл менен электролиттин (электролиттү Вентиль), металл менен газдын (иондуу Вентиль), металл менен вакуумдун (электрондуу Вентиль), металл менен жарым өткөргүчтүн (жарым өткөргүчтү Вентиль) чегинде пайда болот. 3) Жезден жасалган үйлөмө музыкалык аспаптардын узундугун өзгөртүүчү механизм.