ВЕРНАДСКИЙ
ВЕРНА́ДСКИЙ Владимир Иванович [28.2 (12.3). 1863, Санкт-Петербург – 6.1.1945, Москва] – табият изилдөөчү, геолог, философ, минералог, геохимия, радиогеология ж-а биосфера ж-дөгү илимдерге негиз салуучу, коомдук ишмер. Петербург ун-тинин физ.-матем. ф-тин бүтүргөн (1885). Петербург академиясынын акад. (1912), УССР ИАнын 1-президенти (1919), Чехословакия (1926), Париж (1928) ИАларынын мүчөсү. Петербург ИАнын Геология ж-а минералогия музейинин директору (1914), өзү уюштурган мамл. радий

ин-тунун директору (1922). 1922–26-ж. Париждеги Сорбонна ун-тинде лекция окуп, М. Склодовская-Кюринин лабор-сында иштеген. 1927-ж. СССР ИАнын Тирүү заттар бөлүмүн ачкан, ал кийин Вернадский атн. Геохимия ж-а анализдик химия ин-ту деп аталган. Силикаттардын түзүлүшү, сейрек ж-а чачыранды элементтердин геохимиясы, радиоактивдүү минералдарды издөө, геохим. процесстерде организмдердин ролу, минералдардын пайда болуу теориясы ж. б. б-ча ири ил.-из. жүргүзгөн. В-дин каолин ядросунун ролу, алюмосиликаттардын түзүлүшү ж-а изоморфтук катарлар тууралуу көз карашы кен байлыктарды издөө ыкмаларынын негизин түзгөн. Ил.-тех. рев-янын өнүгүшү В-дин биосфера ж-дөгү окуусунун чоӊ мааниси бардыгын аныктап жатат. Ил. жетишкендиктер м-н адам эмгегинин таасиринен биосфера акырындык м-н жаӊы абалга – ноосферага, б. а. акыл-эс сферасына өтөт. В-дин көп эмгектери табият таануунун омоктуу филос. проблемаларына арналган. В. ысымы м-н Парамушир а-ндагы тоо, Подкаменная Тунгуска д-нын алабындагы чоку, Чыгыш Антарктидадагы жарым арал, муз астындагы тоолор, о. эле вернадскит, вернадит минералдары ж-а диатом балырлары аталган. СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1943). Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. СССР ИАда В. И. Вернадский атн. алтын медаль (1963-жылдан) белгиленген.
Чыг.: Биосфера, Т. 1–2, Л., 1926; Проблемы биогеохимии. Ч. 1–2, 4, М; Л., 1934–1940; Избранные труды по биогеохимии. М., 1967; Научная мысль как планетарное явление. М., 1991; Живое вещество и биосфера. М., 1994; О науке. Т. 2. СПб, 2002.
Ад.: Академику В. И. Вернадскому к пятидесятилетию научной и педагогической деятельности. Т. 1–2. Л.; М., 1936; Ферсман А. Е. Жизненный путь академика В. И. Вернадского // Ферсман А. Е. Избр. Труды. Т. 5. М., 1959; Личков Б. Л. В. И. Вернадский – человек и мыслитель, М., 1970. Яншина Ф. Т. Эволюция взглядов В. И. Вернадского на биосферу и развитие учения о ноосфере. М., 1996.