ВЕРНИСАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРНИСА́Ж (фр. vernissage – лак м-н жабуу, жалтыратуу) – атайын чакырылган адамдар (сүрөтчүлөр, сынчылар, маданият ж-а искусство ишмерлери, тийиштүү мекемелердин ж-а уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү ж. б.) катышкан көргөзмөнүн жабык кароосу же көрүүчүлөрдүн кеӊири массасына арналган көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы. Вернисаждын аталышы качандыр бир кезде кеӊири тараган француз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмө ачылар алдында көргөзмө салонундагы картиналарды жалтыратып лактап койгон каада-салтынан келип чыккан.