ВЕРСАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:41, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРСА́ЛЬ , В е р с а й – Франциядагы шаар, Париждин түштүк-батыш тарабынан орун алган. Ивелин департаментинин административдик борбору. Калкы 84,2 миӊден ашуун (2015). Темир жол бекети. Людовик XIVнүн тушунда курулуп, кийин анын

Версаль. Парк жана ак сарай ансамбли (аэрофотосүрөт)

Башкы резиденциясы (1682-жылдан 1789-жылга чейин) болгон. Версалда Версаль тынчтык келишимдерине [Жети жылдык (1756–63-ж.) ж-а Түндүк Американын көз карандысыздыгы үчүн (1775–83) согуштарды, 1-дүйнөлүк согушту (1914–18) жыйынтыктаган] кол коюлган. 1940-жылы фашисттик немистик армия басып алып, 1944-жылы бошотулган. Версаль архитектуралык ж-а көркөм сүрөт искво эстеликтери аркылуу дүйнөгө таанылган. Шаар Людовик XIIIнүн чакан аӊчылык чебинен (17–18-кылымдарда) зор ак сарай-парк ансамблине айланган. Ак сарайдан туш-тарапка жолдор кетет. Ири парктар жайгашып, алар фонтандар, статуялар м-н кооздолгон. Белгилүү живописчилер, скульпторлор, жыгач усталар ак сарай

Версаль сарайынын күзгүлүү г а л е р е я с ы.
1678–86. Арх. Жюль Ардуэн-Мансар, Ш. Лебрендин живопистик панносу.

дын бөлмөлөрүн өзгөчөлөнтүп кооздошкон (Посол тепкичи, Күзгүлүү гал., Тынчтык залы ж. б.). Парктагы белгилүү курулуштардын бири – Чоӊ Трианон ж-а Кичи Трианон ак сарайлары. Резиденциянын айланасында король мекемелери, ири курулуштар орун алган. Версалдагы архитектуралык ансамбль классицизм мүнөзүндөгү курулуштар м-н айкалышып, Европа өлкөлөрүнүн шаар курулушуна ж-а парк искусствосунун өнүгүшүндө чоӊ таасир тийгизген. 1830-жылы Версаль ансамблдери Улуттук музей статусуна ээ болгон. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Собор, чиркөө, университет, жогорку мектептер (көркөм искусство, архитектура, ландшафт дизайны), институт (парфюмерия- косметика өнөр жайы үчүн адистерди даярдайт), театр, музей бар. Туризм борбору.
Ад.: Алпатов М. Архитектура ансамбля Версаля. М., 1940.