ВЕРЧАГИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРЧА́ГИН Валерий Иванович (27. 2. 1947, Тажик ССРи, Восе р-ну, Восе кыш. – 11.1.2021, Россия, Москва) – генерал-полковник (2003). ФПИни (1970), СССР Мамл. Коопсуздук к-тинин Ю. В. Андропов атн. Кызыл Туулуу ин-тун (1983) бүтүргөн. 1970–74-ж. студенттик курулуш уюмунун жумушчусу, Фрунзедеги тери з-дунда электр цехинин начальниги, Кыргыз ССР Өнөр жай министрлигинин курулуш монтаждоо башкармалыгында мастер, прибор ремонттоо з-дунда бригадир, 1974–79-ж. Кыргыз ССР Мамл. коопсуздук к-тинде бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, төрагасынын орун басары, төрагасы, 1984–85-ж. Кыргыз ССР Мамл. коопсуздук к-тинин төрагасынын орун басары, төрагасы, парткомдун секретары, 1991–2001-ж. КРдин Мамл. коопсуздук к-тинин төрагасынын 1-орун басары, КРдин Улуттук коопсуздук министринин 1-орун басары,

КРдин Чек ара кызматы башкы башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу, министрдин 1-орун басары, КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын 1-орун басары болуп иштеген. Улуттук коопсуздук кызматынын отличниги (2001). «Ардак Белгиси», «Манас» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.