ВЕСЕЛОВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕСЕЛО́ВСКИЙ Николай Иванович (12.11.1848, Москва – 12.4.1918, Санкт-Петербург) – орус чыгыш таануучусу, тарыхчы, этнограф, археолог. 1873-ж. Санкт-Петербург ун-тинин чыгыш тилдери ф-тин бүтүргөн. 1890-жылдан Санкт-Петербург ун-тинин проф. Санкт-Петербург ИАнын (1917) ж-а Россия ИАнын корр. мүчөсү (1917), Орус археол. коомунун мүчөсү болуп шайланган. В. В. Григорьевдин окуучусу ж-а анын ишин улантуучусу болгон. О. Азиянын тарыхын, археологиясын, этнографиясын изилдеген. В. СССРдин Европа бөлүгүндө ж-а Сибирь, Монголия талааларында кездешкен балбал таштар түрк урууларынын мад-тына таандык экендигин далилдеген. Ал алгачкылардан болуп О. Азиядагы байыркы шаарларда, а. и. Афрасиабда казуу, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын эмгектеринде О. Азия, Алтын Ордо тарыхы, Кара деӊиз жээгиндеги хунндар, сактар тууралуу маанилүү даректер камтылган. Ал казак элинин тунгуч окумуштуусу Ч. Валихановдун бир томдук чыгармалар жыйнагынын редактору ж-а анын жарыкка чыгышына (1904) түздөн-түз салымын кошкон.
Чыг.: Очерк историко-географических сведений о Хивинском ханстве от древнейших времён до настоящего. СПб., 1877; Мангытские династии ныне царствующие в Бухаре. СПб., 1878; Мечети Самарканда. Вып. 1. СПб., 1905; Хан из темников Золотой Орды Ногай и его время. Петербург, 1922. ВЕСПУЧЧИ Америго [9.3.1454 (1451), Флоренция – 22.2.1512, Севилья] – деӊиз саякатчысы. 1491-ж. Испанияга көчүп келген. Алгач Медичи банкында кенже кызматкер, кийинчерээк ошол фирманын Севильядагы агенти болуп кызмат өтөгөн. Х. Колумбдун 2- ж-а 3-экспедициясын даярдоого катышкан. 1497–98-ж. Канар а-на саякат жасаган. 1499–1500-ж. Испаниянын, 1501–04-ж. Португалиянын деӊиз кызматында, 1508–12-ж. Кастилиянын башкы кеме башкаруучусу (кормчий) болгон. 1499–1504-ж. Жаӊы Дүйнөнүн жээктерине болгон экспедицияларга катышкан. Бул саякаты тууралуу Лоренцо

Медичи м-н Пьеро Содериниге жазган каттары дүйнөгө белгилүү болуп, басма беттерине бир нече тилде (1505–10) басылган. Лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер Колумб ачкан «дүйнөнүн төртүнчү бөлүгүн» В. тапты деп жарыялап, анын урматына Америка деп (1507) аталып, 1538-ж. картограф Меркатордун картасына «Америка» деген ат м-н түшүрүлгөн.