ГАБОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 7 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАБО́Н, Г а б о н Р е с п у б л и к а с ы – Борбордук Африкадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Экватордук Гвинея, түндүгүнөн Камерун, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Конго Респ. м-н чектешет. Батышынан Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 267,7 миӊ км2. Калкы 2,2 млн (2020). Мамл. тили – француз тили. Борбору – Либревиль шаары.

Габон административдик жактан 9 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы. Габон – БУУнун (1960), Африка союзунун (1963), Эл аралык валюта фондунун (1963), Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.



Таблица бар


Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Габон – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы 14-мартта кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (7 жылга шайланат). Мыйзам чы-

Дарыя жээгиндеги ойдуӊдар.
Габонго мүнөздүү кыштактар.

гаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Улуттук чогулуш ж-а Сенат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат, ал президент тарабынан дайындалат. Саясий партиялары: Габон демократиялык партиясы, Габон прогресс партиясы ж. б.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн жапыз тоолор ж-а тоо массивдери ээлейт. Бийигирээк тоолору – Шайю (Ибунжи чокусу, бийиктииги 1580 м) ж-а Хрусталь (Дана чокусу, 1000 м). Батыш бөлүгүндөгү деӊиз жээктерин туурасы 30–200 км келген ойдуӊдар ээлейт. Кен байлыктары – нефть, газ, марганец, уран, темир. Климаты ысык ж-а нымдуу, түндүк жагы экватордук. Апрелдин орточо температурасы 25°–28°С, июлда 22°–24°С. Жылдык жаан-чачын 1500–3000 мм. Дарыялары өтө жыш ж-а суусу мол. Ириси – Огове. Аймагынын 75%ин дайыма жашыл нымдуу токой (окуме, озиго, лимба ж. б.), жээк бойлорун мангр токою каптап жатат. Улуттук парктары: Вонга-Вонг, Оканда ж-а биосфера резерваты Ипасса-Макоку. Кызыл-сары латерит топурактуу. Калкынын 92%ин банту улутундагылар түзөт. Шаар калкы – 79%. Негизинен христиан (82%), ошондой эле салт болуп калган жергиликтүү динди (анын ичинен 1%ке жакыны мусулман сүнөттөр) тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 54, аялдарыныкы – 56 жаш. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 5,3 киши туура келет. Ири шаарлары – Либревиль, Порт-Жантиль, Франсвиль.
Габондун аймагында адам палеолит доорунда эле жашай баштагандыгы белгилүү. Өлкөнүн байыркы калкы пигмейлер болсо керек деп болжолдонот, 10–13-кылымдарда бул аймакка бантулар келип отурукташкан. 18–19-кылымдарда түндүктөн келген ж-а жергиликтүү урууларды түштүккө сүрүп чыгарган фанг элдери Габондун этностук тарыхында маанилүү ролду ойногон. 15-кылымдын аягында (1485) Габонго португалиялык деӊиз саякатчылары келген учурда, алар уруулук түзүлүштө жашап турушкан. 16–18-кылымдарда европалык ж-а америкалык кул сатуучулар Габондун аймагын кул сатып алуунун ири борборунун бирине айландырышкан. 1839-жылы француздар Габон булуӊунун сол жээгинде отурукташып, 1849-жылы оӊ жээгин ээлешет да, Либревиль шаарын негиздешет. 19-кылымдын 40–80-жылдарында француздар өлкөнүн аймагын толук ээлешет. Габондун калкынын француз баскынчыларына каршы күрөшү 1-дүйнөлүк согушка чейин созулган. 1903-жылы Габон расмий түрдө колония деп жарыяланып, 1910–58-жылдарда Франциялык Эк-

ватордук Африканын курамында болгон. Колониялык режим жылдарында өлкөнүн аймагынын ири бөлүгү француздук компанияларга концессияга берилген. 1940–50-жылдары алгачкы улуттук саясий уюмдар түзүлгөн. 1946-жылы кеӊеш берүү функциялары ыйгарылган өкүлчүлүк органы – Аймактык ассамблея, 1957-жылы жергиликтүү африкалыктардан турган алгачкы Өкмөттүк кеӊеш түзүлгөн, бирок анын чечимдери француздук губернатор тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон. 1958-жылы Габон республика болуп жарыяланган. 1959-жылы февралда биринчи конституциясы кабыл алынып, ага ылайык Өкмөттүк кеӊеш Министрлер кеӊешине, Аймактык ассамблея Мыйзам чыгаруу ассамблеясына айландырылган. 1960-жылы 15-июлда француз өкмөтү Габондун көз каранды эместиги жөнүндөгү келишимге кол койгон. 1960-жылы 17-августта Габон көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. Ошол эле жылы сентябрда ал БУУга кабыл алынган. 1961-жылы февралда жаӊы конституция кабыл алынып, өлкөнүн алгачкы президенти болуп Л. Мба шайланган. 1967-жылы Мба өлгөндөн кийин А. Бонго президент болуп калган. Ал 1968-жылы Габон демократиялык партиясын негиздеген ж-а Батыш өлкөлөрү м-н кызматташуу саясатын уланткан. Бай табигый ресурстарынын натыйжасында Габон Африкадагы эӊ бай мамлекеттердин катарына чыккан. 1991-жылы мартта жаӊы конституция кабыл алынган. 1993, 1998, 2005-жылдардагы шайлоодо Бонго кайрадан жеӊишке жетишкен.
Э к о н о м и к а с ы н ы н негизин – тоо-кен өнөр жайы түзөт. 2005-жылы ички дүӊ продукциянын 58,8% өнөр жайга туура келген (анын и.чинен тоо-кен – 50%), тейлөө кызматы – 35,1%, айыл чарбасы 6%. Бал камыш, какао, жер жаӊгак экспорттолот. Ички муктаждык үчүн маниок, банан, шалы, жүгөрү ж-а экспорт үчүн какао, кофе өстүрүлөт. Экономикасында негизги орунду тоо-кен (негизинен нефть, марганец ж-а уран кенташтары казып алынат), балык уулоо, токой ж-а жыгач иштетүү өнөр жайлары ээлейт. 2003-жылы 1487 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 6, 2 миӊ км (2003), темир жолунуку 814 км (2004). Эл аралык ири аэропорттору бар (Либревиль, Порт-Жантиль, Моанда). Нефть куурунун узундугу 1385 км. Дарыяларында

Атлантика океанынын шельфиндеги нефть бургусу.

кеме жүрөт. Негизги порттору – Порт-Жантиль ж-а Либревиль. Сыртка нефть, марганец, уран концентратын, жумуру жыгач ж-а кофе, какао чыгарат. Негизги соода шериктери: Франция, Япония, АКШ ж-а Германия.
1980-жылдан 6 жаштан 16 жашка чейин милдеттүү түрдө билим берү киргизилген. 2003-жылга 15 жаштан жогорку курактагы калкынын 59,7% гана сабаттуу болгон. Мектептерде сабак француз тилинде. Жалпы билим берүүчү мектептердин жарымы менчик. Либревилде Улуттук университети, медицина университети, башка шаарларда техникалык университет ж. б. окуу жайлары бар. Айыл ж-а токой чарба изилдөө институттары, китепкана маалымат борбору (1960), искусство ж-а салттуу музейи (1954); илимий, маданий мекемелери иштейт. Мамлекеттик ж-а 5 менчик гезит чыгат. 1959-жылдан радиоуктуруу, 1963-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Адабияты француз тилинде басылат. Музыкасында борбордук африкалык элдердин салттуу маданияты басымдуу.


Ад.: Соколов Д. Г. Габонская Республика. М., 2002.