ВЕНЕСУЭЛАЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– эл, Венесуэланын негизги калкы. Саны 35 млн. киши, а. и. Венесуэлада 33,2 млн (2010). Калктын 51%и метис, мулат, самбо, 25%и креолдор, 8%и негрлер, 15%и индейлер, 1%и «европалыктар». Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, о. эле протестанттар, мормондор да бар. В. испандар, басктар, абориген индейлер (аравактар, чибча, карибдер) негрлер м-н аралашуусунун натыйжасында 20-к-да эл болуп калыптанган. Негрлер ж-а мулаттардын көпчүлүгү Маракайбо ойдуӊдарын ж-а өлкөнүн деӊиз бойлорун, метистер түн.-

батыш тоолуу штаттарын, самболор Льянос аймагын мекендешкен. Дыйкандар, метистер ж-а самболор – батрактар, арендаторлор майда ж-а орто менчик ээлери негизинен дыйканчылык ж-а мал чарбачылык, метистер кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишкен. Креолдор өнөр жайларда, финансы иштеринде иштешкен. Кыштактарда ж-а хуторлордо дыйкандардын үйлөрүнүн чатыры черепица же пальманын жалбырактары м-н жабылган, дубалы сокмо ыкмасы м-н топурактан же кыштан тургузулган. Көпчүлүгү таза абада гамакта жатып укташат. Дыйкандар башына чий калпак, ак чыт көйнөк, кенен шым, бутуна сандал, аялдары кенен, узун көйнөк кийишет. Тамак-ашы – дан, эт азыктары ж-а жашылчалар. Негизинен жүгөрүдөн жасалган нан (арепа), ботко (масаморра) ж-а альяка сыяктуу тамактар, ичкилик ичимдиги катары – чича көбүрөөк колдонулган. Улуттук майрамдары – карнавал, элдик үй-бүлөлүк майрам – тернер ж. б. Ш. Керимова.