ГАВИАН ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 7 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВИАН ЧОПО КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарынан 2 км түштүк- чыгышта. 1988-жылы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон, калыӊдыгы 3–20 м, саргыч түстөгү кумайлуу топурак катмары түзөт. Чоподон «100» маркадагы кыш өндүрүүгө болот. Запасы А категориясы боюнча 240 миӊ м3, В – 447 миӊ м3, С1 – 645 миӊ м3.