ГАВОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 7 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВО́Т (фр. gavotte – гавоттор бийи) – француздардын эски бийи. Алгач элдик хоровод болгон. 17–18-кылымдарда Батыш Европадагы кеӊири тараган белгилүү бийге айланган. Гавотту 18-кылымда композитор Люлли балетке, операга пайдаланган. Гавоттун сахналык классикалык музыкалык үлгүсүн Рано м-н Глюк жараткан. 18-кылымда Бах, Гендель бий сюитасын, орус музыкасында Гавот үлгүсүн Чайковский, Глазунов, Прокофьев жазган.