ГАВРИШ
ГА́ВРИШ Иван Фомич [7.4.1920, Беловодский (азыркы Москва) району, Садовый кыштагы – 30.10.1994, Россия, Ростов-на-Дону] – Советтер Союзунун Баатыры (1945). Гвардиянын улук лейтенанты. 1938-жылы Советтик Армияга чакырылган.

Улуу Ата Мекендик согушта штурмалоочу 74-гвардиянын Кызыл Туулуу Сталинград авиаполкунун звено командири. Түштүк-Батыш, Түштүк, 4-Украин, 3-Белорус фронтторунда салгылашкан. Согуш мезгилинде 100дөн ашуун согуштук учуш жасаган. 7 жолу аба урушуна катышкан. Душмандын 13 танкын, техника жүктөлгөн 60 автомашинасын, ок-дары сакталган 2 складын, 17 зениттик артиллериясын талкалап, 300дөн ашык гитлерчини жок кылган. Гавриш Ленин, эки Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.