ГАГАУЗДАР
ГАГАУЗДАР – Кара деңиздин түн.-батыш аймагындагы түрк тилдүү элдер. Алар негизинен Молдованын түштүгүндөгү Буджак тарыхый аймагында (Гагаузиянын автономиялык аймактык бирдиги – Гагауз-Йери) ж-а Украинанын Одесса ж-а Запорожье обл-тарында, о. эле Болгария (Варна ж-а Добрич аймактарында), Грекия, Румыния, Түркия, Россия, Казакстан ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны болжол м-н 250 миң адамды түзөт. Молдовада 126 010 адам, а. и. Гагаузияда – 112 387 (2014), Украинада 31923 (2001), Одесса обл-нда 27 617 (2001). Гагауз, о. эле молдова, украин, болгар, орус тилдеринде да сүйлөшөт. Христиан дининин православие багытын тутушат. Г-дын келип чыгышы ж-дө көптөгөн божомолдоолор кездешет: бирөөлөрү түрктөшүп кеткен болгарлар дешсе, айрымда-

ры болгар мад-тын ж-а христиан динин кабыл алган түрк урууларынын тукумдары дешет. Ал эми түркиялыктар 13-кда көчүп келишкен к и ч и а з и я л ы к түрктөрдүн ата-бабалары дешсе, европ. изилдөөчүлөр 670-ж. Волга боюнан Балканга көчүп келишкен түрк тилдүү протоболгарлардын тукумдары деп эсептешкен. Г-дын этностук негизин түрк тилдүү уруулар (огуздар, печенегдер, кыпчактар) түзгөн. 13-к-да христиан динин кабыл алышкан. Жаӊы доордо осмон-түрктөрүнүн да таасири бар. Бул этнос байырлаган аймактарда Кыргыз-Суу, Кыргыз-Кытай, Катаган, Коӊурат ж. б. жер-суу аталыштарынын болушу о. кылымдардагы кыргыз этнокомпоненттеринин таралуу ареалын, кыргыз – гагауз этностук-маданий алакаларын чагылдырат. Алар 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында орус-түрк согушунда Россия тарабында согушкан. Г. Түш. Бессарабиянын бош жаткан талааларына отурукташкан. Алардын калган бөлүгү 1912–14-ж. Казакстанга, коллективдештирүү жылдарында Өзбекстанга көчүп келишкен. 1994-ж. Молдавияда Гагауз автономиясы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык (жүзүмчүлүк), мал чарбачылык ж-а кол өнөрчүлүк. 19-кдын аягында аялдары жеӊи кыска көйнөк кийип, фартук тагынышкан, башына кара жоолук салынган. Алтындан жасалган кооздуктарды колдонушкан. Эркектер көйнөк, кенен шым, башына калпак, каракүл тумак кийишип, кызыл кур тагынышкан. Г-дын улуттук тамагы – эт, сүт (быштак, сыр ж. б.), дан азыктары. Салттуу үрп-адаты – курбан салты. Анда сөзсүз курмандыкка чалынган кой эти м-н даярдалган таруу ботко (булгур) даярдалган.
Ш. Керимова.