ГАЗ КУУРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:15, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ КУУРУ, г а з т ү т ү г ү – күйүүчү газды кен ордунан же өндүрүштөн керектелүүчү жерге жеткирүүчү курулма. Газ өткөрүмдүүлүгү куурдун диаметрине жараша болот. Куурдун эӊ чоӊ диаметри 1420 мм (Россияда). Дүйнөдөгү магистралдык газ куурларынын жалпы узундугу 900 миӊ кмдей. Кыргызстандан Бухара–Чымкент–Тараз–Бишкек–Алматы Газ кууру өтөт, к. Газ жүргүч.