ГАЗ РАЗРЯДДУУ ЖАРЫК БУЛАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ РАЗРЯДДУУ ЖАРЫК БУЛАГЫ – буу абалындагы газ ж. б. заттар (мисалы, сымап же галогендер) аркылуу электр тогу өткөндө электр энергиясын оптикалык нурланууга айлантуучу прибор. Ал айнектен, керамикадан же металлдан (тунук терезелүү), ичине электрод киргизилип, цилиндр, сфера же башка формада жасалат. Газ разряддуу жарык булагына люминесценттик чырак, сымап чырагы, газ разрядуу ксенон чырагы, импульстук чырактар ж. б. кирет. Булар жарык булагы катары кинопроекцияда, нурландыруучу курулмада, жарык сигнал бергичтерде ж. б. колдонулат.