ГАЗ ТУРБИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ТУРБИНАСЫ – кысылган ж-а ысыган газдын (адатта отундун күйүү продуктусу) жылуулук энергиясын мех. жумушка айландырып, үзгүлтүксүз иштөөчү кыймылдаткыч. Кысылган газ күйүү камерасында, ядролук реактордо ж. б-да ысытылат. Биринчи Г. т. 19-к-дын аягында газ-турбиналуу кыймылдаткычтын бөлүгү катары пайда болгон ж-а констр-сы жагынан буу барасына (турбинасына) окшош эле. Г. т-н өнүктүрүүгө россиялык окумуштуулар Б. С. Стечкин, Н. Р. Брилинг, В. В. Уваров, о. эле словакиялык ж-а амер. окумуштуулар зор салымдарын кошушкан. Г. т. бир катарда кыймылсыз жайгашкан калакча таажылары бар сопло аппаратынан ж-а жумушчу дөӊгөлөктүн айлануучу таажыларынан турат. Сопло аппараты жумушчу дөӊгөлөк м-н бирдикте турбинанын баскычын түзөт. Баскыч кыймылсыз тетиктер кирген (корпус, сопло калакчалары, бандаж шакектери) статордон ж-а айлануучу бөлүктөрдүн курамынан (жумушчу күрөкчөлөр, дисктер, вал) түзүлгөн ротордон турат. Айлануучу дөӊгөлөккө сопло аппаратынын айлануу бөлүгү Г. т. же анын толук айланасы б-ча газ келет. Кысылган ж-а ысыган газ баштапкы ылдамдык м-н сопло аппаратынын калактарынын ортосундагы аралыкка кирип, кеӊейүүнүн натыйжасында жылууктун бир бөлүгү сыртка чыккан агымдын кинетикалык энергиясына айланат. Газдын агымы жумушчу калактарга таасир этип, турбинанын валын айлантат. Азыркы көп баскычтуу турбиналардын п. а. к. 0,92 – 0,94. Г. т. газ турбиналуу кыймылдаткычтарда, авиацияда ж-а электр станцияларында колдонулат.