ГАЙДАЙ
ГАЙДА́Й Леонид Иович (30.1.1923, Амур губ., Свободный ш. – 19.11.1993, Москва) – орус кинорежиссёру, СССР эл арт. (1989). Иркутск обл. драма театрынын студиясын (1947) ж-а ВГИКти (1955) бүтүргөндөн «Мосфильмде», коюучурежиссёр. Г. негизинен сатиралык кинокомедия жанрында иштеген. 1958-ж. «Тиги дүйнөдөн

келген күйөө» кинопамфлетин, сов. Кинематографиянын «Дөбөт Барбос жана өзгөчө кросс» (1961) ж-а «Самогончулар» (1962) ж. б. белгилүү фильмдерин Ю. В. Никулин, Г. М. Вицин, Е. А. Моргуновду чогуу катыштырып тарткан. Фильмдеринде адаттан тыш. миниатюралар-трюктардын, пантомиманын, пародиялардын элементтерин пайдаланган. ««Ы» операциясы жана Шуриктин жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну же Шуриктин кийинки жоруктары» (1967) Краковдогу Дүйнөлүк кинофестивалда сыйл. ээ болгон. «Жакут кол» (1969), «12 орундук» (1971), «Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» (1973), «Ширеӊке издеп» (1980, СССР – Финляндия), «Спортлото-82» (1982) фильмдеринде комедия жанрын өзгөчө изденүү м-н уланткан. Г-дын белгилүү кинокомедиялары: «Үч жолу тирилген» (1960), «Мүмкүн эмес!» (1975), «Өмүргө коркунучтуу» (1985), «Дерибасовскиде аба ырайы жакшы же
Брайтон-бичте дагы эле жаан» (1992, АКШ м-н бирге). Г. – өз фильмдеринин сценарийинин автору же авторлош болгон. РСФСР мамл. сыйл. лауреаты (1970). Иркутскидеги Россия киноборборуна ысмы берилген.