ГАЙДН
ГАЙДН Франц Йозеф (болжол м-н 31. 3. 1732, Төмөнкү Австрия, Рорау кыштагы – 31. 5. 1809, Вена) – композитор, дирижёр, музыка таануучу, пианист, Вена классикалык мектебинин өкүлү, аспаптык музыкадагы классикалык стилге негиз салуучу, Оксфорд университетинин ардактуу доктору (1791). Алгачкы симфонияларын 18-кылымдын 50–60-жылдарында жазган. Гайдндын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру 80–90-жылдарга туш келген. Ушул жылдары белгилүү Париж, Лондон симфонияларын, бир нече оратория,

месса ж. б. жараткан. Гайдндын музыкасы тереӊ демократиялык мүнөзгө ээ ж-а элдик чыгармалар м-н тыгыз байланыштуу. Ал көп улуттуу Австриянын музыкалык фольклорун билгичтик м-н пайдаланган. 1798-жылы «Дүйнөнүн жаралышы», 1801-жылы «Жыл мезгилдери» операларын жазган. Гайдн 24 операнын, 3 ораториянын, 14 мессанын ж. б. диний чыгармалардын, 104 симфония, 41 фортепьянолук трио, квартет, увертюралардын, түрдүү музыкалык аспаптар үчүн концерттердин автору.
Ад.: Кремлёв Ю. Йозеф Гайдн. М., 1972.