ГАЛАКТИКАЛЫК ТЕЛОЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛАКТИКАЛЫК ТЕЛОЛОР – чексиз мейкиндиктеги чексиз көп сандаган планеталар, кометалар, жылдыздар, галактикалар ж. б. космос объектилери. Жылдыздар мейкиндикте бирдей жайгашкан эмес, алар Галактика деп аталган системалардан турат. Галактикалар ж-а Галактикадагы жылдыз аралык мейкиндик ж-а галактикалар арасындагы мейкиндик газ, чаӊ, элементардык бөлүкчөлөр, магниттик ж-а гравитациялык талаа ж. б. Г. т. м-н толгон. Күн – Галактиканын миллиарддаган жылдыздарынын бири. Ал планеталар м-н курчалган. Планеталардын айланасында айлануучу жандоочулары бар. Күн системасына башка асман телолору – кометалар, метеориттер ж. б. да кирет.