ГАЛИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛИЕВА Зайраш Идрисовна (11. 12. 1959-жылы туулган, азыркы Бишкек шаары) – тарыхчы ж-а саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору (2010). 1983-жылы КМУнун тарых факультетин бүткөн. 1983–86-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетинде окутуучу, 1993–95-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинде улук окутуучу, 1995–97-жылы доцент, 1997–98-жылдары Жорж Вашингтон атындагы университетте стажер (АКШ), 1998–2002-жылдары КУУнун тарых ж-а чөлкөм таануу факультетинде доцент, 2002–03-жылдары И. Арабаев атындагы КМПУда Ата Мекен тарыхы кафедрасынын башчысы, 2003–05-жылдары КУУнун тарых ж-а чөлкөм таануу факультетинде доцент, 2005–06-жылдары Миссури штатынын мамлекеттик университетинде изилдөөчү-стажер (АКШ), 2006–08-жылдары КУУнун тарых ж-а чөлкөм таануу факультетинде доцент, 2008-жылы декан, 2009–10-жылдары доцент, 2010-жылдан кафедранын профессору. Ж. Баласагын атындагы КУУнун «ВЕСТНИК КМУ» илимий ж-а билим берүү журналында бөлүм башчы. 90дой илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография, 3 окуу-методикалык колдонмо, 1 окуу китеби) автору.
Эмг.: История государства и права Кыргызской Республики: учебник.- Бишкек, 2011. (в соавт.); Современная Центральная Азия: динамика социально-политических процессов. –Бишкек, 2014. Суверенный Кыргызстан: реалии политического развития. – Бишкек, 2017.