ГЕЛИФАКС
ГЕ́ЛИФАКС , Х а л и ф а к с – Канаданын түштүк-чыгышындагы шаар. Жаӊы Шотландия провинциясынын административдик борбору. Калкы 431,1 миӊ (2017). Жолдор тоому. Атлантика океанындагы тоӊбогон бухтадагы ири деӊиз порту (14 млн т жүк ташылат; негизинен нефть импорттолот). Эл аралык аэропорту бар. 1749-жылы негизделген. 1842-жылдан шаар. Чеп (1828–56, саат мунарасы м-н, учурда Аскер музейи), мунара (1796 –97), өкмөт үйү, университеттер (анын ичинде король коллежи, техникалык, искусство ж. б.), океан изилдөө борбору, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар бар. Өнөр жайынын башкы тармагы – кеме куруу ж-а нефть ажыратуу. Ошондой эле автомобиль куруу, электроника, эмерек, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.