ГАЛОФИТТЕР
ГАЛОФИТТЕР (гр. hfls – туз ж-а phytjn – өсүмдүк) – өтө шор топурактуу жерде (деӊиз жээги ж. б.) өсүүчү өсүмдүктөр. Галофиттер үч топко бөлүнөт. Э в г а л о ф и т т е р д и н же чыныгы Галофиттердин көбүнчө жалбырагы калыӊ, сабагы жоон келип, клеткасына туз көп топтолот. Аларга чөлдөгү кээ бир бадалчалар кирет. К и н о г а л о ф и т т е р сабагы м-н жалбырагындагы безченин жардамы м-н организмде топтолгон шорду сыртка бөлүп чыгарат. Буларга боздоӊдо ж-а кургак талаада өсүүчү кермектер, жылгындар, реомериялар ж. б. кирет. Г л и к о г а л о ф и т т е р д и н тамыр системасы тузду өткөрбөйт, мисалы, шордуу боздоӊдогу шыбактар. Дүйнө жүзүндө кеминде 2000–2500, Борбордук Азияда 900дөй Галофиттер кездешет. Эгилме өсүмдүктөрдүн шорго өтө чыдамдуу ж-а анча чыдамсыз түрлөрү бар. Туздар зат алмашууну ж-а протоплазманын абалын бузуп, клетка органеллаларынын структурасынын өзгөрүшүнө алып келет. Өсүмдүк туздан жабыркаганда айрым уу заттар пайда болот, мисалы, белок синтези бузулганда аммиак, диаминдер, сульфоксид топтолот.
Ад.: Акжигитова Н. И. Галофитная растительность Средней Азии и её индикационные свойства. Т., 1982.
К. Т. Шалпыков.