ГАМЗАТОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАМЗА́ТОВ Расул (8. 9. 1923, Дагстан, Хунзах р-ну, Цада айылы – 3.11. 2003, Москва) – авар акыны, прозаик, публицист, котормочу, коомдук ж-а саясий ишмер, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1952), Дагстан эл акыны (1959), Соц. Эмг. Баатыры (1974). Гамзат Ца-

Дасанын уулу. 1945–50-ж. Москвадагы М. Горький атн. Адабият ин-тунда окуган. Ырлары 1937-жылдан жарыяланып, 1943-ж. туӊгуч жыйнагы чыккан. «Биздин тоолор» (1947), «Менин жерим» (1948), «Тоолуктун мекени» (1950), «Улуу агам жөнүндө баян» (1952), «Дагстан жазы» (1955), «Жүрөгүм менин тоолордо» (1959) жыйнактарында, «Тоолук кыз» (1958) поэмасында Дагстандын жаӊы турмушун, тоолуктардын психологиясындагы өзгөрүштөрдү, эл достугун даӊазалаган. Гражд. пафос, улуттук ж-а интернационалдык көркөм салттардын айкалышы, назик юмор ж-а лиризм, социалдык сергектик, туулган жеринин табиятын, адамдардын ички дүйнөсүн жан дили м-н таасын сүрөттөө – акындын поэзиясынын негизги өзгөчөлүгү. Анын «Мен туулган жыл» (1950), «Бийик жылдыздар» (1962; Лениндик сыйл., 1963), «Жазуулар» (1963), «Жылдызга жылдыз кеп салат» (1964), «Мулат кыз» (1966), «Очок жанында» (1978) жыйнактары, «Менин Дагстаным» (1–2-китеби, 1968, 1971) лирикалык-филос. повести белгилүү. Г. балдар үчүн да чыгармалар жазган («Менин чоӊ атам», 1967). Г-дун поэзиясы Дагстан элдеринин турмушуна арналып, ырларында Кавказ фольклорунун салттары сезилип турат. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, В. В. Маяковский ж. б-дын чыгармаларын авар тилине которгон. Г-дун ырлары чет тилдерге, а. и. кыргыз тилине да которулган. «Менин Дагстаным» повести акын А. Токтогуловдун котормосунда кыргыз окурмандарына кеӊири белгилүү. СССР Жогорку Советине (6–9-шайланышынын) депутат. Үч Ленин, Октябрь Революциясы, Ыйык Андрей Первозванный (2003) ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Огнев В. Расул Гамзатов. М., 1964; Антокольский Л. У очага поэзии. М., 1972.