ГАМЗАТ ЦАДАСА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 13 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАМЗА́Т ЦАДАСА́ (21. 8. 1877, азыркы Дагстан, Хунзах району, Цада айылы – 11. 6. 1951, Махачкала) – авар акыны, драматург, котормочу, Дагстан эл акыны (1934). Р. Гамзатовдун атасы. Медреседе окуган. 14 жашынан ыр жазган. Алгачкы большевиктик гезитте («Красные горы», 1921) иштеп, анда «Тоолук кедейлерге», «Советтерге кимдер шайланды» ж. б. ырларын жарыялаган. 1920-жылдардагы чыгармаларында феодалдык-патриархалдык көрүнүштөрдү сынга алган. Гамзат Цадаса – «Адат шыпыргысы» (1934) аттуу ырлар жыйнагынын, «Кырсыктуу сандык» пьесасынын, «Чабан тууралуу жомок» поэмаларынын автору. Гамзат Цадасанын чыгармачылыгы авар фольклору м-н тыгыз байланышта. А. С. Пушкин, И. А. Крыловдун чыгармаларын авар тилине которгон. Гамзат Цадасага «Тандалган ырлары» үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1951). Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. СССР Жогорку Советинин 3-чакырылышына депутат болгон. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.