ГАММА-СПЕКТРОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ММА-СПЕКТРОМЕ́ТР – гамма нурлануунун энергиялык спектрлерин өлчөөчү прибор. Бул спектрометр энергиялары б-ча бири бирине өтө жакын болгон -сызыктарын ажыратууга жөндөмдүү. Г.-с. негизинен магниттик, кристаллдифракциялык ж-а сцинтилляциялык болуп бөлүнөт. Магниттик Г.-с. кандайдыр нерсени  -нурлары м-н нурландырууда бөлүнүп чыккан экинчи электрондук нурланууларды талдоо үчүн пайдаланылат. Г.-с-дин иштөө принциби  -нурунун кристалл торчодон чагылуусуна негизделген. Өлчөөдө мүмкүн болгон жогорку тактыкты дифракциялык Г.-с. бере алат. Сцинтилляциялык Г.-с-де -нурун талдоо сцинтиллятордо экинчи ирет пайда болгон электрондордун жардамы м-н жүргүзүлөт. Чоӊ энергиялуу  - нурун изилдөөдө ядролук фотоэффект кубулуштарын колдонууга болот.  -нуру кагып чыгарган нуклондордун энергиясын аныктоо иондоштуруучу камералар, фотопластинкалар ж. б. приборлордун жардамы м-н ишке ашат. Аз энергиялуу -нурунун энергиясын аныктоо үчүн пропорциялык санагычтар колдонулат.