ГАНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 13 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАНГ , Г а н г а – Индия м-н Бангладештеги дарыя. Узундугу 2700 км, алабынын аянты 2200 миӊ км2. Гималайдан башталат. Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгү аркылуу агып, Инди океанынан Бенгал булуӊуна куярда Брахмапутра ж-а Мегхна дарыяларына кошулуп жалпы дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары – Жамна, Сон, Дамодар (оӊ), Гомати, Гхагхра, Гандак, Коси (сол). Режими муссондук, жайында деӊгээли 15 мге чейин көтөрүлүп, ташкындайт. Орточо чыгымы 13 миӊ м3/сек; чатынан 300 кмге чейин деӊиз ташкыны таасир тийгизет. 1450 кмге (Гималайдын этегине) чейин кеме жүрөт. Ганг ж-а анын куймалары сугатка кеӊири пайдаланылат. Боюнда Аллахабад, Варанаси, Патна шаарлары, дельтасында Калькутта (Индия) деӊиз порту жайгашкан. Ганг индустардын ыйык дарыясы катары эсептелет, жээктеринде зыярат жайлары бар.

Гана акчасы.