ГАНДЕМИАН КЕЛИШИМИ (1873)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАНДЕМИАН КЕЛИШИМИ (1873) – Россия империясы м-н Хива хандыгынын ортосунда түзүлгөн келишим. 1873-ж. жазында орус аскерлери Хиваны ээлегенден кийин, Хиванын жанындагы Гандемиан кыш-нда 1873-ж. 12-августта түзүлгөн. Г. к. б-ча Аму-Дарыянын оӊ жээгиндеги жерлер Россиянын карамагына өтүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна кошулган. Россия Аму-Дарыяда кеме жүргүзүүгө укук алган. Хандыктын аймагында кулчулук жоюлду деп жарыяланган. Келишимдин натыйжасында, Хива хандыгы Россия империясынын жарым колониясына айланып, өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажыраган.