ГАНИЕВА
ГАНИЕВА Тамара Имангалиевна (1963-ж.т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Григорьевка айылы) – юрист, юрид. илимд. доктору (2016). 1994-ж. КМУУнун юрид. ф-тин бүткөн. 1994-жылдан Бишкек ш-ндагы Свердлов райсотунда кылмыш иштери б-ча секретарь, КР ИИМдин Маалымат технологиясынын Башкы башкармалыгында котормочу, Чүй обл-нун Аламедин р-ндук сотунда сот-аткаруучу, КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде кодификациялоо ж-а системалоо бөлүмүнүн адиси, «Билим-Тур» консультациялык-усулдук борборунда юрист-консультант, Бишкек мамл. экономика ж-а коммерция ин-тунун мамл. теория ж-а укук кафедрасында улук окутуучу, КМУнун адистерди максаттуу даярдоо ин-тунда кафедра башчысы, КМЮАда декан, КМУда кафедра башчысы, КУУнун юрид. ф-тинде конституциялык укук, кылмыш процесси ж-а криминалистика кафедрасынын профессору. 70тен ашык ил. эмгектин (а. и. 2 монография, 2 окуу китеби) автору. «Мээримдүүлүк» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Становление и развитие гражданского права Кыргызстана (1864–2005 гг.). – Бишкек: «Нур-Ас», 2012. Муниципальное право Кыргызской Республики: учебник. – Бишкек: «Нур-Ас», 2011.