ГАНИЕВА
ГАНИЕВА Тамара Имангалиевна (1963-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Григорьевка айылы) – юрист, юридикалык илимдердин доктору (2016). 1994-жылы КМУУнун юридикалык факультетин бүткөн. 1994-жылдан Бишкек шаарындагы Свердлов райсотунда кылмыш иштери боюнча секретарь, КР ИИМдин Маалымат технологиясынын башкы башкармалыгында котормочу, Чүй облусунун Аламедин райондук сотунда сот-аткаруучу, КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде кодификациялоо ж-а системалоо бөлүмүнүн адиси, «Билим-Тур» консультациялык-усулдук борборунда юрист-консультант, Бишкек мамлекеттик экономика ж-а коммерция институтунун мамлекеттик теория ж-а укук кафедрасында улук окутуучу, КМУнун адистерди максаттуу даярдоо институтунда кафедра башчысы, КМЮАда декан, КМУда кафедра башчысы, КУУнун юридика факультетинде конституциялык укук, кылмыш процесси ж-а криминалистика кафедрасынын профессору. 70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинен 2 монография, 2 окуу китеби) автору. «Мээримдүүлүк» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Становление и развитие гражданского права Кыргызстана (1864–2005 гг.). – Бишкек: «Нур-Ас», 2012. Муниципальное право Кыргызской Республики: учебник. – Бишкек: «Нур-Ас», 2011.