ГАННИБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 14 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАННИБА́Л, А н н и б а л Б а р к а (б. з. ч. 247 же 246, Карфаген – б. з. ч. 183, Вифиния) – Карфаген аскер башчысы ж-а мамлекеттик ишмери. Гамилькар Барканын уулу. Атасынын согуштарына, кийин жездеси Гасдрубалдын Испания м-н болгон уруштарына катышкан. 225-жылдан Испанияда карфагендик атчандардын командачысы. 221-жылы (Гасдрубал курман болгон соӊ) жоокерлердин талабы боюнча Карфаген армиясынын башкы командачысы. 219-жылы Ганнибал Римдин союздашы Сагунт шаарына кол салган. Бул чынында 2-Пуни согушуна (218–201) алып келген. Ганнибал 218-жылы аскерлери м-н Альпыдан өтүп, Цизальпы Галлиясына ж-а Италияга кирип, Тицин, Треббия өзөндөрүнүн (218), Тразимен

көлүнүн (217) жанында душманга катуу сокку урган. 216-жылы Ганнибалдын аскери Каннда чоӊ жеӊишке жетишкен. 212-жылдан римдиктер күч алып, Сицилия, Испания, Италияда бир нече жолу жеӊишке ээ болгон. 211-жылы Карфагенди басып алган. Жардамга келаткан бир тууганы Гасдрубал Метаврдын жанында талкалангандан кийин (207), Ганнибал өтө алсыраган. Зама шаарынын жанында Ганнибалдын аскери толук талкаланып (202), Карфаген жеӊилген (201). Согуштан кийин Ганнибал суффет (мамлекеттик жогорку бийлик) болуп дайындалып, Карфагенди башкарган. Жаӊы согушка даярдык көрүп жатат деп шектенген римдиктердин кысымынан Ганнибал 195-жылы Сирия падышасы Антиох IIIгө качып барып, аскер кеӊешчиси болгон. Рим м-н болгон согушта (192–188) Антиох IIIден жеӊилип, римдиктер Ганнибалды кармап берүүсүн талап кылганда Ганнибал Арменияга, кийин Вифинияга барып жашырынган. Римден корккон Вифиния падышасы Пруссий кармап бермек болгондо, уу ичип өлгөн. Ганнибал – байыркы дүйнөнүн ири аскер башчыларынын бири. Римден жеӊилип калса да, Ганнибал согуш искусствосунун тарыхында олуттуу из калтырган.