ВЕРДИКТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРД́ИКТ (лат. veredictum – чыныгы, туура айтылган) – бир катар өлкөлөрдөгү жазык процессинде сот арачылар (суд присяжных) коллегиясынын коюлган маселелерге, анын ичинде негизги – соттолуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу маселеге карата чечими (өкүмү). Кыргыз Респ-нын Конституциясы тарабынан жарандарга мыйзамда каралган учурларда ж-а тартипте сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укук берилген. К. Эсенканов.