ГАНТЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 14 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАНТЕ́ЛЬ (нем. Наntel) – металлдан жасалып, кыска тутка м-н бириктирилген эки шардан турган гимнастикалык кол жабдык. Гантель негизинен ийин ж-а кол булчуӊдарын чыӊдоочу көнүгүүлөрдү жасоодо колдонулат. Гантель куюп (салмагы туруктуу) ж-а учтарына түрдүү салмактагы дисктер бекитилүүчү ажыратылма, ошондой эле пружиналуу ж-а универсалдуу болот. Куюлма Гантель жеӊил (1–5 кг), орточо (6–10 кг) ж-а оор (50 кгга чейин ж-а андан да оор) салмакта жасалат.