ГАРОННА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРО́ННА – Франциядагы дарыя (башаты Испанияда). Узундугу 647 км, алабынын аянты 56 миӊ км2. Пиреней тоолорунан башталып, Гаронна түздүгү аркылуу агат да, Атлантика океанынын Бискайя булуӊуна куярда Жиронда эстуарийин пайда кылат (Дордонь дарыясы м-н кошо). Жайында ташкындайт, орточо чыгымы 680 м3/сек. Кеме жүрөт (Бискайя булуӊун Жер Ортолук деӊиз м-н туташтырган суу системасынын бир бөлүгү). ГЭСтер курулган. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Тулуза, Бордо шаарлары жайгашкан.

Гармоникалар: 1– Ф. Киршниктин гармоникасы (кайра жасалган);
2 – саратовдук, 1930-жылдар; 3 – хромка (уста А. А. Сизов, Москва,
2002). А. Миректин орус гармоника музейи (Москва).