ГАУСС Карл Фридрих

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́УСС Карл Фридрих (30.4.1777, Брауншвайг – 23.2.1855, Гёттинген) – немец математиги, астрономия ж-а геодезияга негиз салуучулардын бири. 1807-ж. Гёттинген ун-тинин проф. ж-а Гёттинген астр. обсерваториясынын директору. Г-тун эмгектери жогорку алгебраны, сандар теориясын, дифференциалдык геометрияны, тартылыш теориясын, электр ж-а магнетизмдин классикалык теориясын, геодезияны, теор. астрономиянын бир катар тармактарын өркүндөтүүгө зор таасирин тийгизген. Анын алгачкы эӊ көлөмдүү эмгеги сандар теориясы м-н жогорку алгебрага арналган. Астрономияда Г-тун (1800–20) эмгектери кичине планеталардын орбиталарын аныктоо проблемаларын чечүүгө ж-а алардын козголушун изилдөөгө байланыштуу болгон. Немис илимпозу В. Вебер м-н бирдикте электр-магниттик телеграфты ойлоп чыгарган. Ал Евклиддик эмес геометрияны (1818) түзгөн.