ГАУСС ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́УСС ТЕОРЕМАСЫ э л е к т р д и н а м и к а с ы н д а – электр-статикадагы негизги теорема. Ал ар кандай туюк бет (S) аркылуу өткөн электр-индукциясынын (D) ошол бетти камтыган көлөм (V) ичиндеги зарядга (Q) пропорциялаштыгын байланыштырат. Бирдиктер системасында (СГС) төмөнкүчө берилет: div E=4nG=4n 􀂳􀁕dv, мында Е – электр талаасынын чыӊдалышынын агымы, 􀁕􀀃– эркин заряддардын көлөмдүк тыгыздыгы. Г. т-н 1830-ж. электр статикалык талаа үчүн К. Гаусс аныктаган (1930). Г. т. Кулон законунан келип чыгат. Диэлектрикте Г. т. электр индукция векторунун агымы D үчүн туура болот. divD=4􀁓gq, мында q – S туюк беттин ичиндеги эркин заряддардын суммасы, бул формула Максвелл теӊдемелеринин интегралдык түрү ж-а электр заряды электр талаасын пайда кыларын билдирет.