ГАУХАТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАУХА́ТИ , Г у в а х а т и – Индиянын түн.- чыгышындагы шаар. Ассам штатында. Калкы 1,0 млн (2021). Брахмапутра д-нын сол жээгинде, Шиллонг платосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому. Порт. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 4-к-дан эскерилет. Индиядагы тантристтик (йогa методдору) башкы храмдардын бири – Камакхья-Мандир (индустардын зыярат кылуучу борбору), Наваграха астрология храмы, музей, ун-т, ин-т бар. Г. – ири соода борбору (чай, жут, күрүч, пахта). Нефть ажыратуу, тамак-аш (а. и. суу май), жут, кебез-кездеме, бугаары өнөр жай ишканалары, фанера ж-а самын кайнатуучу з-ддору иштейт.