ГАУХАТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАУХА́ТИ , Г у в а х а т и – Индиянын түндүк- чыгышындагы шаар. Ассам штатында. Калкы 1,0 млн (2021). Брахмапутра дарыясынын сол жээгинде, Шиллонг платосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому. Порт. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 4-кылымдан эскерилет. Индиядагы тантристтик (йогa методдору) башкы храмдардын бири – Камакхья-Мандир (индустардын зыярат кылуучу борбору), Наваграха астрология храмы, музей, университет, институт бар. Гаухати – ири соода борбору (чай, жут, күрүч, пахта). Нефть ажыратуу, тамак-аш (анын ичинен суу май), жут, кебез-кездеме, бугаары өнөр жай ишканалары, фанера ж-а самын кайнатуучу заводдору иштейт.