ГАФУРИ
ГАФУРИ Мажит (Габдулмажит) Нурганиевич [20. 7 (1. 8). 1880, азыркы Башкыртстан, Гафури р-ну, Елем-Караново – 28. 10. 1934, Уфа] – башкыр ж-а татар акыны, башкыр ад-тын негиздөөчү, Башкырт АССР эл акыны (1923). Жазуучу-агартуучу катары белгилүү. 1905-ж. Казандагы студенттердин нааразылык кыймылына катышкан. Чыгармалары рев-ялык мүнөздө болгон. Реакция жылдарында «Менин жаш өмүрүм» (1906), «Улутту урматтоо» (1907) жыйнактары конфискацияланып, 1911-жылдан полициянын көзөмөлүнө алынган. «Жумушчу» поэмасы (1926), «Кызыл жылдыз» пьесасы (1926), «Турмуш тепкичтери» (1930), «Акындын алтын кенинде» (1931) автобиографиялык повести бар. Публ. макалаларды жазган, орус акындарынын ырларын башкыр тилине которгон.
Ад.: Рамазанов Г. М. Гафури. Уфа, 1991.