ГАФУРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАФУРИ Мажит (Габдулмажит) Нурганиевич [20. 7 (1. 8). 1880, азыркы Башкыртстан, Гафури району, Елем-Караново – 28. 10. 1934, Уфа] – башкыр ж-а татар акыны, башкыр адабиятын негиздөөчү, Башкырт АССР эл акыны (1923). Жазуучу-агартуучу катары белгилүү. 1905-жылы Казандагы студенттердин нааразылык кыймылына катышкан. Чыгармалары революциялык мүнөздө болгон. Реакция жылдарында «Менин жаш өмүрүм» (1906), «Улутту урматтоо» (1907) жыйнактары конфискацияланып, 1911-жылдан полициянын көзөмөлүнө алынган. «Жумушчу» поэмасы (1926), «Кызыл жылдыз» пьесасы (1926), «Турмуш тепкичтери» (1930), «Акындын алтын кенинде» (1931) автобиографиялык повести бар. Публицистикалык макалаларды жазган, орус акындарынын ырларын башкыр тилине которгон.
Ад.: Рамазанов Г. М. Гафури. Уфа, 1991.