ГАЧЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ЧЕВ Георгий Дмитриевич (1.5.1929, Москва – 23.3.2008, Москва) – адабиятчы, маданият таануучу, философ, филология илимдеринин доктору (1983), Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү. ММУнун филология факультетин бүтүргөн. Дүйнөлүк адабият институтунда, Россия ИАнын Славян таануу ж-а балканистика институтунда иштеген. «Адабияттын тездетилген өнүгүшү» (1964) китебинин, «Көркөм формалардын мазмундуулугу. Эпос. Лирика. Театр» (1968), «Көркөм аӊ-сезимдин жашоосу. Образдын тарыхы боюнча очерктер» (1972), «Орус көркөм маданиятындагы образ» (1981) аттуу теориялык эмгектердин автору. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча «Сүйүү, адам, доор» (1965), «Чыӊгыз Айтматов жана дүйнөлүк адабият» (1982), «Дүйнөнүн улуттук образдары» (1988) сыяктуу эмгектерди жазган. Болгар Эл Республикасынын Кирилл ж-а Мефодий ордендеринин (1980), Болгар ИАнын София университетинин, Паисиа Хилем Дорский атындагы сыйлыктын ээси (1980).


Ад.: Сидоров Е. О Георгии Гачеве и его книге//Г. Гачев. Национальные образы мира. М., 1988.