ГВАДЕЛУПА
ГВАДЕЛУ́ПА – Франциянын «деӊиздеги алыскы» депертаменти (1946). Кариб деӊизиндеги Кичи Антил архипелагынын (Айдарым аралдар тобуна) борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жакын жаткан аралдары м-н (Мари-Галант, Дезирад, Ле-Сент, Сент-Бартельми, Птит-Тер, Сен-Мартин аралдарынын түндүк бөлүгү) Гваделупанын курамына кирет. Аянты 1,8 миӊ км2. Калкы 396,0 миӊ (2016). Административдик борбору – Бас-Тер шаары. Расмий тили – француз

тили. Калкынын 95% католиктер, 4%ке жакыны индуисттер ж-а салт болуп калган жергиликтүү динди туткандар. Административдик-аймактык жактан 3 округка бөлүнөт. Акча бирдиги – евро.
Гваделупа аралдары акиташ тоо тегинен турган платодон (бийиктиги 130 мге чейин) ж-а жанар тоо массивинен турат. Аракеттеги Суфриер жанар тоосу бар (бийиктиги 1467 м). Аралдарын шуру (коралл) рифтери курчап турат. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1500–2000 мм, тоолорунда 3000 мм. Февралдын орточо температурасы 24°С, августтуку 27°С. Нымдуу дайыма жашыл тропик токою, мангр өсүмдүктөрү ээлейт, жалпы аянты 34,8 миӊ га келген коргоого алынган 8 табигый аймак уюштурулган (анын ичинде Гваделупа улуттук паркы).

Кайра иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Анын негизги тармагы – ром ж-а кант өндүрүү. Жеринин 15% иштетилет. Бал камыш, банан, цитрус өсүмдүктөрү, коон, буурчак, маниок, баклажан ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы өнүккөн. Балык кармалат.
1493-жылы Х. Колумб тарабынан ачылган. 1674-жылы арал Франция ээлиги деп жарыяланган. 1810-жылы англичандар басып алган, бирок Париж келишими боюнча 1816-жылы Францияга кайтарылып берилген. 1946-жылы Франциянын «деӊиздеги алыскы депертаменти» деген статуска ээ болгон.
ИДПнин көлөмү 3,5 млрд долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 7,9 миӊ доллардан туура келет (2003). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, өнөр жайыныкы 17%, айыл чарбасыныкы 15%. Туризм (дайвинг, яхтинг ж. б.; жылына 675 миӊ турист келет) активдүү өнүгүүдө.
Темир жолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 950 км (2003). Негизги порттору: Бас-Тер, Густавия, Пуэнт-а-Питр. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка банан, кант, ром, коон чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина курууга керектүү продукция, кийим-кечек, күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Мартиника, АКШ (экспорт); Франция, Германия, АКШ (импорт).