ГВАТЕМАЛА шаары

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВАТЕМА́ЛА (Гватемала ля-Нуэва) – Гватемала Респ-нын борбору, Борб. Америкадагы ири шаар. Калкы 1,1 млн (шаар айланасы м-н 2,9 млн, 2006). Панамерика жолундагы ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен. Тамак-аш–татымал, текстиль, булгаары-буткийим, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Кафедралуу собор (1782–1815), Улуттук сарай, Плаза Майор аянты, Минерва паркы, ун-ттер, ин-ттар, театр, филармония, улуттук опералык труппа, улуттук бий мектеби (бий балети м-н), консерватория, иск-во академиясы, музейлер (а. и. тарых ж-а асем өнөр, археол., этногр.) бар. 1524-ж. Сантьяго деген ат м-н негизделген. Алаамат жер титирөөлөр (1917, 1918, 1976) болгон.