ГВИНЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВИНЕ́Я, Г в и н е я Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Түштүгү м-н түш.- батышынан Либерия ж-а Сьерра-Леоне, чыгышынан Кот- д’Ивуар, түн.-батышынан Гвинея-Бисау, түндүгүнөн Сенегал, түн. ж-а түн.-чыгышынан Мали м-н чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 245,9 миӊ км2. Калкы 13,1 млн (2020, башка маалыматтар б-ча 9,5 млн). Борбору – Конакри ш. Мамл. тили – француз тили. Акча бирдиги – гвинея франкы. Адм.

жактан 33 префектурага ж-а 1 өзгөчө зонага (Конакри) бөлүнөт (к. таблицаны).
Г. БУУнун (1958), Африка союзунун (1963), Эл аралык валюта фондунун (1963), Эл аралык реконструкциялоо ж-а өнүгүү банкынын (1963), Эл аралык соода уюмунун (1995) мүчөсү.


Таблица бар.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Г. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1990-ж. 23-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш). Саясий партиялары: Гвинея элинин биримдиги, Жаӊылануу ж-а прогресс партиясы, Гвинея элинин союзу ж. б.
Г-нын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Рельефинде (батышындагы 50 км жээк тилкесинен тышкары) орто бийиктеги жапыз тоолор ж-а түзөӊдүү платолор көп. Атлантика океанынын жээктери түзөӊ. Өлкөнүн түн.-батышында ж-а борб. бөлүгүндө Түн. Гвинея ж-а Фута-Жаллон (Тамге тоосу, 1538 м) дөӊсөөлөрү орун алган. Алардан суусу мол дарыялар (Гамбия,

Атлантика океаны жак жээги.

Бафинг, Нигер ж. б.) башталат. Түш.-чыгыш бөлүгүн Г-дагы эӊ бийик чокусу (Нимба тоосу, 1752 м) бар Түн. Гвинея дөӊсөөсү ээлеп жатат. Кен байлыктарынан боксит, темир, алтын, алмаз, уран, никель, хром, ильменит, циркон, рутил, монацит, графит ж. б. бар. Климаты субэкватордук-муссондук, ысык. Жайы нымдуу жаанчыл (7–10 ай), кышы кургакчыл-чаӊдуу. Эӊ ысык айынын темп-расы 27–30°С (март же апрель), эӊ салкын айыныкы (август) 18–26°С. Жылдын орт. темп-расы 26°С. Жээктерде ж-а Конакри ш-нын чөлкөмүндө жаан-чачындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашат. Негизги дарыялары – Гамбия, Бафинг, Нигер, Конкуре. Башка жерлеринде орто эсеп м-н 1200–1400 мм. Мурдагы жыш токой азыр ар кайсы жерде гана сакталган. Түш. ж-а борб. аймактарында сейрек токой ж-а токой аралаш саванналар көп. Кыртышы көбүнчө кызыл топурактуу. Жээк бойлоп мангр токою өсөт. Г. айбанаттар дүйнөсүнө (Африка пили, гиппопотам, антилопа, каман, кабылан, гепард) бай. Куштардын 522 түрү кездешет. Бирок аӊ уулоонун кесепетинен алардын саны азаюуда. Ошого байланыштуу Г-да 1 млн га аянтты ээлеген 164 коргоого алынган аймак түзүлгөн (Массив-ду-Зиама ж-а Бодиар биосфералык резерваты; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген Мон-Нимба резерваты; Эл аралык маанидеги 6 нымдуу-саздуу аймактары ж. б. бар.
Г-нын калкынын улуттук курамынын негизин манде тилинде сүйлөгөндөр (фульбе – 38,3%, малинке – 28,9%, сусу 12%) ж. б. майда этностук топтор түзөт. Расмий тили француз тили болгону м-н манде (54,3%) ж-а атлантика тилдериндеги жерг. диалект үстөмдүк кылат. Калкынын жашынын орт. узактыгы 49,5 жаш (эркектериники – 48,3; аялдарыныкы – 50,7). Калкынын көбү суннит тобундагы мусулмандар (2/3 бөлүгү). Жерг. диний ишенимдерди калктын 7–15%и тутат. О. эле христиандар (8% – негизинен католиктер) бар. Эмгекке жарамдуу калк 3 млнго жакын (1989), анын 80%и а. ч-да, 20%и өнөр жай м-н тейлөө кызматында иштейт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 33 киши. Ири шаарлары: Конакри, Канкан, Лабе ж. б.
Г-нын аймагында адам неолит доорунда жашагандыгы белгилүү. Анын азыркы аймагы о. кылымдагы Гана, Мали империяларына караган. Мали мамлекетинин ыдырашына байланыштуу Г. жеринде майда мамлекеттер пайда болгон. 18-к-дын 70-ж-ында Фута-Жаллон аймагында көчмөн малчы фульба калкынын аскердик-теократиялык мамлекети түзүлгөн. 15-к-дын орто ченинде Г-га европ-тар келишип, 19-к-га чейин кул соодалашкан. 19-к-дын аяк ченинде Г. европ. ири өлкөлөрдүн ортосунда талашка түшкөн. Француздар бир нече жолу «Түштүк дарыялар өлкөсүнө» (19-к-га чейин Г-нын аймагы ушундайча аталган) согуштук экспедицияларды уюштурган. Г. аймагын ээлөө үчүн Улуу Британия м-н Германия күрөшкө чыккан. Натыйжада Франция жеӊип чыгып, француздар Фута-Жаллондун альмамилери (башкаруучулары) м-н протекторат тууралуу келишимдерге кол койгон. 1895-ж. Г. Франциянын Сенегал колониясынан өзүнчө колония болуп бөлүнөт. 1904–58-ж. Франция Гвинеясы деп аталат. 1958-ж. 28-сентябрда элдик референдумда шайлоочулардын 95,4% Г-нын көз каранды эместиги үчүн добуш берет. 1958-ж. 2-октябрда Г. көз каранды эмес респ. болуп жарыяланат. Ахмад Секу Туре өлкөнүн президенти болуп шайланат. Г. 1958-ж. 12-декабрда БУУга кабыл алынган. Кийинки жылдары респ. социалдык-экон. ж-а саясий жактан кайра куруу жолуна өттү. Эмгекчилерге акы төлөнүүчү отпуск, пенсия берилип, жер реформалары ж. б. чаралар жүзөгө ашырылган. Француз франкынын ордуна улуттук валюта киргизилген. А. С. Туре дүйнөдөн

айткан соң, 1984-ж. бийликке полковник Конте жетектеген аскер адамдары келген. Өлкө кайрадан Г. Респ. деп аталып, Г. Демокр. партиясы (ГДП) таркатылган. Конте өкмөтүнүн экономиканы либералдаштыруу ж-а чет өлкөлүк капиталды тартуу б-ча жүргүзгөн саясаты оң натыйжаларга алып келген жок. 1990-ж. конституция кабыл алынып, өлкөдө президенттик башкаруу, бир палаталуу парламент ж-а көп партиялык система киргизилген. 1993, 1998-ж. шайлоодо Конте жеӊишке жетишкен. 2001-ж. референдум президентин мөөнөтүн 2003-жылдан тарта дагы 7 жылга узарткан. 2003-ж. Конте үчүнчү мөөнөткө кайра шайланган.
Г.– тоо-кен өнөр жайы бир аз өнүккөн агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага көз каранды. Г. кен байлыктардын зор запасына ээ болуусуна карабастан кедей мамлекеттердин катарына кирет. ИДПнин көлөмү 18,99 млрд доллар, анын 23,7%ин а. ч., 36,2%ин өнөр жайы, 40,1%ин тейлөө кызматы түзөт, киши башына бөлүштүргөндө 2000 долларддан туура келет. Экспорттун көлөмү – 726 млн доллар, импорттуку 646 млн доллар (2003). Г-нын а. ч-сы (балык улоо ж-а токой өстүрүү м-н) ИДПнин 40%ин өндүрөт. Шалы, кофе, банан, ананас, манго, маниок, жүгөрү, батат, бал камыш, жержаӊгак, цитрус өсүмдүктөрү ж. б. өстүрүлөт. Өнөр жайында (ИДПнин 27%) тоо кен өндүрүшү өнүккөн. Боксит (жылына 20 млн т), алтын (17 т), алмаз (53,5 миӊ карат), алюминийди (боксит м-н алюминий экспорттун жарымынан көбүн түзөт) экспорттойт. Кайра иштетүү өнөр жайы начар өнүккөнү м-н кол өнөрчүлүгү кеӊири тараган (темир усталык, карапачылык, тери иштетүү ж. б.). О. эле электр энергияны өндүрөт (775 млн кВт . с). Темир жолунун жалпы уз. 837 км, автомобиль жолунуку – 44,3 миӊ км (4,3 миӊ км таштуу). Негизги соода шериктештери: Франция, Кот-д’Ивуар, АКШ, Бельгия, Улуу Британия, Швейцария, Украина ж. б. 16 аэропорту Эл аралык аэропорту – Конакриде) бар. Өлкөнүн негизги порттору: Конакри, Камсар ж. б. Билим берүүсү 7 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү ж-а акысыз. Кесиптик тех. билим берүү эки типтеги окуу жайларды камтыйт: 9 класстын базасында ж-а орто билим алгандар. Алар адистештирилген жумушчуларды даярдайт. Ун-ттер, политех. ин-т, Улуттук иск-во мектеби, Айыл чарба ин-ту ж. б. окуу жайлары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Мамл. күндө жарык көрүүчү гезит, журналдар, мамл. телерадио компаниясы, 5 радиостанциясы иштейт. Г-да алгач фольклор (жомок, тамсил, макал-лакап ж. б.) күчтүү өнүккөн. Жазма ад-ты француз тилинде. Жерг. стилде салынган турак жайлар тегерек формада. Шаарларда европалыктар келгенден баштап террасалары м-н тик бурчтуу үйлөр салына баштаган. Элдик оюу-кесүү өнөрлөрүнөн ар түрдүү бет кеп, адам м-н айбанаттардын таш ж-а жыгач статуяларын жасоо өнүккөн. 1960-жылдары профессионал сүрөтчүлөр пайда болгон. Г-дагы музыка дүйнөсү Батыш Африка элдеринин мад-ты м-н байланыштуу. 1960-ж. Улуттук балет, 1965-ж бий м-н пантомималарды камтыган «Жалиба» ансамбли түзүлгөн. Н. Алымкулова.
Ад.: Петровский А. Д., Селиверстов Ю. П. По дорогам Гвинейской саванны. М., 1986; Калинина Л. П. Гвинея. Справочник. 2-е изд. М., 1994; Иорданский В. Б. Стратегия борьбы за независимость. Гвинея в 1945–1958 гг. М., 1968; Леховская Н. Д. Поэзия Западной Африки. М., Страны мира. Справочник. М., 2006.