ГЕБРИД АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 16 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕБРИ́Д АРАЛДАРЫ , Г е б р и д д е р – Атлантика океанындагы архипелаг. Британ аралдарына кирет, Шотландиянын батыш тарабында; Улуу Британиянын аймагы. 500дөй аралдан турат (негизгилери – Льюис, Скай, Малл). Жалпы аянты 7,5 миӊ км2. Рельефине таштуу түздүк, дөбө-дөӊсөөлөр ж-а жапыз тоолор (бийиктиги 1009 мге чейин, Скай аралындагы Куллин-Хилс чокусу) мүнөздүү. Лава талаасы, байыркы муз каптоонун издери (тепши сымал өрөөндөр ж. б.) бар. Шалбаа, вереск бадалы, кайыӊ токою, өлөӊ чөп басымдуу. Балык кармалып, кой асыралат.