ГЕВАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 16 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕВА́РА, Гевара де ла Серна Эрнесто (Че) (14.6.1928, Аргентина, Росарио – 9.10.1967, Боливия, Игерас) – латын америкалык революционер, Кубанын мамлекеттик, саясий ишмери. Билими боюнча – врач. 1950-жылдардын аягында Ф. Кастро м-н бирдикте Куба революциясына жигердүү катышкан. 1959–61-жылдары Кубанын Улуттук банкынын төрагасы, 1961-жылдан улуттук өнөр жай министри. 1965-жылы ээлеген кызматтарын калтырып, Латын Америка өлкөлөрүнүн элдеринин революциялык кыймылына катышуу үчүн Кубадан Боливияга келген. 1966–67-жылдары Боливияда партизандык кыймылды жетектеген. Туткунга алынып, өлтүрүлгөн. Өзүнүн партизандык согушту жүргүзүү боюнча иштеп чыккан теориясынын аркасында «үчүнчү дүйнө» өлкө-

лөрүнүн көптөгөн революционерлери үчүн идеалга айланган.