ГЕДИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 16 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕДИ́Н , Х е д и н Свен Андерс (19.2. 1865, Стокгольм – 26.11. 1952, ошол эле жер) – швеция саякатчысы, Азияны изилдөөчү. Швециялык королдук ИАнын мүчөсү (1913). Гедин Швецияда акыркы дворянин титулун алган (1902). 1882 – 92-жылдары Стокгольм, Упсала, Берлин, Галле университеттеринде география, минералогия ж-а зоологияны окуп үйрөнгөн. 1885-жылы Кавказ аркылуу Персияга, Месопотамияга ж-а Стамбулга, 1890–91-жылдары Стамбулдан Бухарага, Самарканга, Теӊир-Тоого, 1893–97-жылдары Памир аркылуу Такла-Макан чөлүнө, Тибеттин түндүгүнөн өтүп Пекинге саякат жасаган. 1899–1902-, 1927–35-жылдарда Тарим дарыясын ж-а Лобнор көлүнүн тегерегин изилдеген. 1905–08-жылдары Трапезунд (Трабзон) шаарынан чыгып, Тибеттин түндүк-чыгышынан ж-а Кашмир аркылуу өтүп, Тибеттин түштүгүнө ж-а батышына жетип, Брахмапутра ж-а Сатлеж дарыяларынын башатын изилдеген; Борбордук Азиянын изилденбеген көптөгөн аймактарынын картасын түзгөн. 1923-жылы дүйнөнү айланып чыккан. Биринчи дүйнөлүк согушта Россияга каршы Германия м-н Швециянын союзун колдогон.


Эмг.: В сердце Азии. Памир, Тибет, Восточный Туркестан. СПб., 1899. Т. 1 – 2; Тарим – Лоб-Нор – Тибет. СПб., 1904.
Ад.: Хозиков В. Забытый кумир фюрера: Жизнь С. Гедина. М., 2004.